Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министрлиги

Веб-сайтка кирүү
+ 996 312 66 55 44



 


 

Бажы каттоо



Бажылык жол-жоболоштуруу үчүн керектүү документтердин тизмеси

  1. Аймактык бажы органдарын жана жүктү кармоону көрсөтүү аркылуу бажылык  жол-жоболоштурууга жардам көрсөтүү  өтүнүчү менен жүк алуучу мекеменин каты;
  2. Инвойстун көчүрмөсү, унаанын коштомо кагазы, , жүктү алган мекеменин тастыкталган мөөрү менен тастыктама.
  3. Жүк ташуучу компаниядан кат (эгер жүк алардын дарегине келсе)
  4. Жүк алуучу мекеменин тастыкталган мөөрү менен бардык коштомо документтердин орус тилиндеги котормосу;
  5. Эгер жүк алуучу дипломатиялык өкүлчүлүктүн кызматкери болуп калса, паспорттун көчүрмөсү жана жүк алуучунун аккредитацияланган картасын тиркөө зарыл;
  6. КРнын расмий диллерине автоунаа сатып алган учурда төмөнкү кагаздарды берүү керек : эсеп-маалымдама, сатыпалуу-сатуу келишими, мекеменин тастыкталган мөөрү менен тастыктама.
  7. Мекеменин ОКПО жана СИН коду;
  8. Тапшыруу жана алуу документтерге ишеним каты ;
  9. Паспорттун көчүрмөсү.