Кыргыз Республикасынын Тышкы Иштер Министрлиги

Веб-сайтка кирүү
+ 996 312 66 55 44




 
 

Коомдук иш




   Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин «Кыргыздипсервис» Мамлекеттик дипломатиялык сервис ишканасы 22-23-августа Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк  майрамына арналган кызыгуучу командалардын ортосунда кичи футбол боюнча кайрымдуулук турнирин өткөрөт.   

     

Бул турнирдин максаты Кыргыз Республикасынын Саламатыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча 1200 адам муктаж болуп жаткан гемодиализ аппаратын сатып алууга акча каражатын жыйноо болуп саналат. Азыркы учурда республикада 69 диализдик аппарат менен 8 бөлүм иштеп жатат. Бул учурда гемодиализге муктаж болгондордун жарымы гана акысыз дарыланат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмдарынын маалыматы боюнча бүткүл дүйнөдө өнөкөт бөйрөк кемтиги менен ооругандардын саны көзөмөлгө алынган (ӨБК). Ошентип, жыл сайын  жалпы саны  биринчи катталган пациенттердин санынын өсүшү менен уланып жатат. Гемодиализ  бейтаптардын жашоосун сактап калууну камсыз кылууда жана алардын активдүү ишмердүүлүн улантууда ӨБК менен бейтаптардын дарылоосун алмаштыруучу негизги ыкма болуп саналат.

 

Гемодиализ үчүн аппараттын болжолдуу баасы 15 000 АКШ долларын түзөт, ошондой эле зарыл болгон бир процедураны жүргүзүү үчүн 50 АКШ доллары керектелет. Аппаратын баасы жогору болгондуктан акча каражаттарын жыйноо ушул жылдын ичинде жүргүзүлөт. Ушуга байланыштуу кайрымдуулук футбол турнири  «Кыргыздипсервис» МДСИнин пландаштырып уюштурган иш чараларынын биринчиси болуп эсептелет.

  

Турнирди өткөрүүдөн келип түшкөн каражат «Элим барсыӊбы?» коомдук фондго жөнөтүлөт. Бул уюм 2008-жылы абдан муктаж болуп жаткан калктын катмарын моралдык жана материалдык жактан колдоо максатында түзүлгөн, тактап айтканда: жетим балдар, майыптар, картаӊ адамдар жана аз камсыз болгон үй-бүлөлөр, ошондой эле калкты өз ара жардам берүү жана өз ара түшүнүүгө чакыруу.  Фонд муктаж болгондор менен жардам берүүчүлөрдүн ортосундагы көпүрө милдетин аткарат.  

            Кайрымдуулук уюмдун идеясы жеке эле чоӊ демөөрчү менен иштешпестен, Кыргызстандагы муктаж болгондорго жардам берүүнү каалган  жүздөгөн, а балким миӊдеген ыктыярдуу адамдардан турган өзүнүн демөөрчүлүк маалыматтык базасына ээ болуу. Фонддун негизги кирешеси демөөрчүлөрдүн ыкктыярдуу берүүлөрүнөн жана Билайн абоненттик тармагындагы 2015 кыска номеринин жардамы менен алынган каражаттардан чогулкан 200 үкөк түзөт.     

   

 Футболдук турнир «Дордой» ассоциасы тарабынан берилген футбол талаасында өткөрүлөт.

Турнирдин катышуучусу жана коноктору  төмөнкүлөр

- Россия Федерациясынын Элчилиги

- Америка Кошмо штатынын Элчилиги

- Казакстан Республикасынын Элчилиги

- Германия Федеративдик Республикасынын Элчилиги

-Турция Республикасынын Элчилиги

- Улуу Британия Бириккен Королдугунун Элчилиги, Швейцария Элчилиги, Европа биримдиги, Калыбына келтирүү жана өнүктүрүү Европалык банкынын курама командалары

- Иордания, Индонезия ардактуу консулдуктарынын курамасы

- Кызыл Крест эл аралык федерациясы

- Кызыл Крест эл аралык комитети

- Казакстан Республикасынын ардактуу консулдугу

- КР Президентинин Аппараты

- КР Өкмөтүнүн Аппараты

- Бириккен улуттар уюму